Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

ЕККУ полициячылары маселеси шайлоодон кийин каралат


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун эл аралык полициялык кеңешчи тобунун Кыргызстанга келүү маселеси шайлоо бүткөндөн кийин гана каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Бурул Усманалиева билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тараптын демилгеси менен полициялык кеңешчи топту алып келүү маселеси кырдаалдын оорлугуна байланыштуу токтотулган. Бул маселе боюнча Кыргызстан менен ЕККУ ортосундагы меморандумга да кол коюла элек.

Эскерте кетсек, ЕККУ Кыргызстандын түштүгүндөгү күч структураларына көмөк кылуу максатында 52 адамдан турган полициялык кеңешчи топту жөнөтө турганын билдирген. Алардын макамы мониторинг, окутуу иштери менен гана чектелип, куралсыз аракеттенишери айтылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG