Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Түштүктө туура маалымат кампаниясы башталды


Кыргызстандын түштүгүндө калкты туура, калыс, бейтарап маалымат менен камсыздоо жаатындагы үч айлык маалыматтык долбоор өз ишин баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Долбоордун максаты, калк арасына дүрбөлөң салган ушак-айыңдарды алдын алуу жана өз убагында кырдаал тууралуу маалыматтарды таркатуу болмокчу. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн кыргыз жана өзбек тилдерин мыкты билген 25 журналист кызматка алынат. Ал эми алар жазган өлкөдөгү жана түштүктөгү соңку жаңылыктарды калкка бекер жана ыкчам таркатуу жолдору караштырылган. Аталган долбоорду Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму менен “Журналисттер” коомдук бирикмеси биргеликте уюштурушууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG