Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

Конституциялык Соттун судьяларын жоопко тартуу аракети көрүлүүдө


Конституциялык Соттун чечимдеринин тууралыгын карап көргөн Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов, Конституциялык Соттун мурдагы судьяларын жоопко тартуу, тергөө-иликтөө иштерин баштоо боюнча токтом чыгарды. Учурда тергөө-иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда 2007-жылдын 14-сентябрында Конституциялык Сот ошол кездеги парламент депутаттары Кабай Карабеков менен Мелис Эшимкановдун сунушун карап көрүп, андагы судьялар жеке кызыкчылыктарын жана мансапты көздөп туура эмес чечим чыгарышкан. Конституциялык Соттун судьяларынын чечими мурдагы президент К.Бакиевдин жеке бийлигин бекемдегендиктен, соттор кызмат абалынан кыянат пайдалышкан деген тыянак чыгарылууда. Андай чечимди Конституциялык Соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова, анын орун басары болуп турган Абдыбек Суталинов, мурдагы судъялар П.Дрыжак, А.Кененсариев, Ч.Курбанова, О.Мамыров, С.Сыдыкова, Ж.Тогойбаев, К.Эсенканов курамында болгон топ чыгарган. Аталган судьялар 2006-жылдын ноябрында жана декабрында кабыл алынган баш мыйзамдарды жокко чыгарып коюшкан. Чечим чыгарууда аталган судьялар 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган баш мыйзамга таянышкан.

Бул ишти учурда Башкы прокуратуранын Өтө маанилүү иштерди иликтөө башкармалыгы колго алууда. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG