Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Ош шаар мэри кайда экени дале белгисиз


Бир айлык эс алуудан соң бүгүн жумушка чыгат делген Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов жумушка келген жок. Ал 23-августта аны кызматтан алуу аракетине байланышкан чыр-чатактан кийин эмгек өргүүсүнө кеткен бойдон белгисиз жүргөн.

Ош шаар мэринин маалымат катчы Александр Ким “Азаттыкка” билдиргендей, учурда М.Мырзакматов Кыргызстанда, бирок анын кайсыл жерде экендиги белгисиз. Анын айтымында мэр жумушка октябрь айынын башында чыгып калуусу мүмкүн.

Эскерте кетсек, август айында Ош шаар мэрин кызматынан четтетүү аракеттери көрүлүп, борбордук бийлик менен мэрдин тирешинин жыйынтыгында М.Мырзакматов өз ордунда калган. Ош шаарынын мэри М.Мырзакматов борбордук бийликтин буйруктары Ош шаарында иштебесин айтып, ырасмий Бишкекке бир курдай каяша кылган болчу. Ага чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү Ош шаарынын мэри ашынган улутчул экенин айтып, президентке аны кызматтан алуу боюнча сунуштарды киргизишкен. (IJz)

XS
SM
MD
LG