Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Батыш Иорданда жөөт конуштарына коюлган мораторий аяктады


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон, Жакынкы Чыгыш боюнча АКШ президентинин чабарманы Жорж Митчелл, Израил премьер-министри Бенямин Нетаняху, Палестин лидери Махмуд Аббас. Вашингтон. 2-сентябрь 2010
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон, Жакынкы Чыгыш боюнча АКШ президентинин чабарманы Жорж Митчелл, Израил премьер-министри Бенямин Нетаняху, Палестин лидери Махмуд Аббас. Вашингтон. 2-сентябрь 2010

Өткөн түнү Иордан дарыясынын батыш жээгинде жөөт конуштарын куруу боюнча Израил өкмөтүнүн 10 айлык мораторийи бүттү.

Палестин лидери Махмуд Аббас Батыш Иорданда жөөттөр турак-жай курууну биротоло токтотпосо, Израил менен жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүнү таштап кетерин айтууда. Палестиндер жөөт конуштары бар аймактар болочоктогу эгемен мамлекетине таандык деп эсептешет.
Келгин жөөт(жогоруда) жана бедуин койчу(төмөн жакта) Иерусалимдин түндүк ныптасындагы Бней Адам конушунун четинде.
Израил тынчтыкты же конуштарды кеңейтүүнү тандап алышы керек.Израил тынчтыкты
же конуштарды кеңейтүүнү тандап алышы керек. Махмуд Аббас

Израилдин негизги союздашы АКШ да Батыш Иорданда жөөттөр үчүн жаңы турак жай курууга каршы жана тараптарды сүйлөшүүнү токтотпой улантууга көндүргөнгө аракеттенүүдө.

Израил премьери мораторий аяктарга чукул жасаган билдирүүсүндө Махмуд Аббасты тынчтык сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырып, Израил сүйлөшүүнү улантуунун ар кандай жолдорун издегенге даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда курулуш токтотулат деп убада берген жок.
Израил тарап конуштар маселесин чечип, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга умтулганын дүйшөмбү күнү Израилдин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Марк Регев маалымдады:

-Үч жума мурда Вашингтондо израилдиктер менен палестиндердин бетме-бет сүйлөшүүсүн баштаганбыз. Максат бир жыл ичинде тарыхый тынчтыкка жетишүү. Биз бул иш ийгиликтүү болушун каалайбыз. Ошон үчүн премьер-министр Нетаняху президент Аббаска береги сүйлөшүүнү улантууга чакырды. Тынымсыз, түз жана маңыздуу сүйлөшүүлөр аркылуу гана израилдиктер менен палестиндердин байгер келечегине жетишебиз деп ишенебиз.

Бирок Батыш Йордандагы жөөт келгиндери башка пикирде. Жекшемби күнү Ревава конушуна чогулган эки миңдей жөөт 10 айлык мораторийдин бүтүүсүн асманга кызыл-тазыл шарларды учуруп белгилешти. (Мораторийдин бүтүүсүнө арналган салтанатты Нетаняху башындагы оңчул Ликуд партиясы уюштурду). Коңшулаш Кирят Нетафим конушунда жаңы бала бакчанын пайдубалына таш коюлду.
Израилдик аскер менен палестиналык демонстранттын "жүзмө-жүз таймашы". Батыш Иордандын Билин кыштагы. 24-сентябрь 2010

Серепчилер курулуш кеңири кулач жайбайт, анткени көпчүлүк долбоорлорду Израилдин Коргоо министрлиги бекитүүгө тийиш дешет. Ефрат коншунун мэри Обед Ревивинин айтышынча, банктар жана инвесторлор жаңы курулушту каржылоого көңүлсүнбөй жатышат.

Бирок жөөт конуштарына мониторинг жүргүзгөн “Тынчтык азыр” уюмунун мүдүрү Ярив Оппенгеймер: “Биздин маалымат боюнча 13 миң турак жайга мурда уруксат берилгендиктен, алар курулушту токтоосуз баштай алат. Келерки жумаларда 2,5 миң үйдүн курулушу башталат деп боолголойбуз”.

Израил Иордан дарыясынын батышын жана Чыгыш Иерусалимди 1967-жылкы согушта Иорданиядан тартып алган. Бул аймактагы 100дөн ашуун конуштарда 430 миңден көп жөөт жашайт. Жергиликтүү палестиндердин саны 2,5 миллионго чамалайт.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас Батыш Иорданда жөөт конуштары тоңдурулган шартта гана тынчтык сүйлөшүүсү ийгиликтүү болорун 25-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи:

-Биз турак жай курууну токтотууну, камоону алып салууну, тынчтык жараянынын шартына ылайык келбеген бардык мыйзамсыз иштерди тыйууну талап кылабыз...Израил тынчтыкты же конуштарды кеңейтүүнү тандап алышы керек.

Аббас айтылган талап аткарылса, эки жак тынчтыкка бир жыл ичинде жетишет деп ишенет. Газа секторун бийлеген ХАМАС уюму болсо Израил менен тынчтык сүйлөшүүсүн улантууга башынан каршы.

Арабдардын “ал-Хаят” гезитинин жазышынча, Махмуд Аббас сүйлөшүүнү токтоткондон мурда Араб өлкөлөрү менен масилеттешет. Мындай кеңеш, маалыматтарга караганда, 4-октябрда болот.

XS
SM
MD
LG