Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:47

Партия лидерлери Москвага каттап калышты


Саясий партиялар жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды улантышууда. Ошол эле маалда бир катар ири партиялардын лидерлери өлкө сыртынан, айрыкча Орусиядан колдоо издеп улам биринин аркасынан Москвага каттап калышты.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Орусия президентинин администрация жетекчиси Сергей Нарышкин менен жолугушту. “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп келди. Ага чейин “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов Москвага барып, Орусия президенти Дмитрий Медведев менен жолугуп кайткан. Ай башында Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев да Москвага барып, Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен жолуккан. Башка майда партиялар Кыргызстандын ичинде гана үгүт иштерин жүргүзүү менен чектелишүүдө. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG