Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Косоводо президент кызматтан кетти


Бүгүн Фатмир Сейдиу кызматтан кеткенин жарыялады. Буга Конституциялык соттун чечими себеп болду. Сот президентти мамлекет башчы катары шайлангандан кийин да “Косовонун демократиялык лигасы” партиясынын лидерлигинен кетпегени үчүн “Баш мыйзамды бузду” деп тапкан. Конституциялык сотко бул маселе боюнча тыянак чыгаруу өтүнүчү менен парламенттеги оппозициялык депутаттар кайрылышкан эле.

58 жаштагы Фатмир Сейдиу 2006-жылы Сербиянын мурдагы провинциясын башкарып келди. Эки жыл мурда Косово өзүн Сербиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Келерки жылы Косоводо парламентке шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG