Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Быйыл 1 миллион 700 миң окуу китеби чыгарылат


Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашты. Отуз сегиз наамда чыга турган бул сандагы китептерди басуу боюнча үч басмакана иштеп жатат. Бирок мындай көлөмдөгү китептер Кыргызстандагы билим берүү жайларын толук китеп менен камсыз кылууга жетпейт. Өлкөдөгү мектептердин толук китеп менен камсыз болушу үчүн жылына кеминде 2,5-3 миллион нускада 60-80 наамда китеп басылып чыгышы керек. Буга кеминде 200 миллион сом талап кылынат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG