Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Кыргыз-украин-америкалык оюн Бишкекте аяктайт


"Яра Артс" (Yara Arts Group) тобунун «Скифтердин таштары» деген улуттук салттар жана келечек тууралуу музыкалык спектакли бүгүн Бишкектеги Б'арт борборунда, эртең Америкалык университетте акыркы ирет коюлууда. Нью-Йорктогу "Ля МаМа" аттуу эксперименталдык театрдын чыгармасына белгилүү америкалык актерлор, украиналык ырчы Нина Матвиенко жана анын кызы Тони, Кыргызстандан Кенжегүл Сатыбалдиева, Айнура Качкынбек кызы, Назира Мембетова тартылган. Режиссер Вирляна Ткач койгон оюн украин, кыргыз элдик ырларга негизделген, бирок анда заманбап музыка, дизайн, пластика да бар. Бир мезгилде үч тилде коюлган оюнду буга чейин америкалык көрүүчүлөр жана сынчылар абдан жылуу кабыл алышкан. «Бул спектакл жашообуздун маанилүү маселелери тууралуу ой калчап, каталарыбызды оңдогонго мүмкүндүк берген альтернативалык дүйнөнү жаратат. Мыкты театрдын милдети ушул эмеспи», деп жазды «Скифтердин таштарын» «жуманын туу чокусу» деп атаган америкалык сынчы Майлк Беттенкорт.

Б'Арт борбору: Карасаев көчөсү (мурдагы Достук) 1

Кошумча маалыматты www.brama.com/yara/stones-kg-press-ru.html сайтынан алсаңыздар болот. (JCH)

XS
SM
MD
LG