Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Медведев Лужковду иштен алды


Президент Дмитрий Медведев Юрий Лужковду «Орусия Федерациясынын президентинин ишениминен ажырагандыгы үчүн» кызматтан кетирип жаткандыгын ИТАР-ТАСС агенттиги кабарлады. Оппозиция лидери, мурдагы вице-премьер Борис Немцов кырдаалды "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү:

- Президенттин ишениминен чыкты деген бул өтө оор айыптоо. Буга чейин Медведев Коряк, Ненец жана Амур региондорунун гана акимдерин ушундай кине менен иштен алган. Эми эгер көптөгөн коррупциялык иштер боюнча тергөө ачылбаса, бүгүнкү жардыктын мыйзамдуулугу суроо астында калып, Лужков көз карандысыз саясий оюнчу болуп чыга келет.

Орусиянын баш мыйзамы президентке мындай кине менен Москванын жана аймактардын акимдерин алууга укук берет.
Мамлекет көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары соңку кездери 74 жаштагы Юрий Лужковду коррупцияда жана тууганчылыкта айыптап жатышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG