Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Бишкекте адам аткезчилиги талкууланат


30-сентябрда Бишкекте адамдарды сатууга каршы чараларды көрүү боюнча кыргыз өкмөтү менен бейөкмөт уюмдары биргеликте талкуу уюштурушат. Жыйында Кыргызстанда адамдарды сатууга карата биргеликте күрөшүүнүн механизмдери талкууланып, сатылууга, кордукка дуушар болгондорго медициналык жардамдарды көрсөтүү жана аларды социалдык жактан коргоо чаралары каралмакчы. Бул президенттин маалымат кызматы билдирет. Аталган иш-чараны өткөрүүгө Эл аралык миграция уюму, АКШнын Мамлекеттик департаменти көмөк кылууда.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин адамдарды сатуу фактысы боюнча жылдык отчеттерунда, бир жылда 300-400 чамалуу кыргызстандык адам аткезчилеринин торуна түшүп, кулчулукка сатылып кетет. (IJz)

XS
SM
MD
LG