Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Президент Р.Отунбаева видео күндөлүк ачты


Президент Роза Отунбаева бүгүн интернет айдыңында өзүнүн видео күндөлүгүн ачты. Анда ал мындан ары видео күндөлүгүндө өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык маанилүү маселелер тууралуу өз ой-пикирин билдирип турарын жарыя кылды. Президенттин видео күндөлүгү бийликтин интернет баракчасы болгон www.kyrgyz-el.kg дарегинде жайгашмакчы.

Видео күндөлүктөгү алгачкы сөзүндө президент өзүнүн АКШдагы иш-сапары тууралуу айтып, алдыдагы парламенттик шайлоонун маани-маңызын дагы бир жолу баса белгилеп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG