Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:49

Израилге АКШнын атайын өкүлү келди


Жорж Митчелл бүгүн Израилдин коргоо министри Эхуд Барак жана премьер-министр Бинямин Нетаняху менен жолугушат. Андан соң АКШнын Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Израил эки күн мурда Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган аймактарда конуштарды курууга тыюу салган мораторийди узартуудан баш тартты. Аббас буга байланыштуу жакында эле кайра жанданган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн чыга турганын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG