Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Күлүйпа Кондучалованын 90 жылдыгы белгиленет


Бул иш-чара 1-октябрда Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында өткөрүлөт. Маданият жана маалымат министрлигинен билдиришкендей, мааракеге карата коомдук ишмердин жашоосу жана ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма тартылып, көргөзмө ачылган.

Күлүйпа Кондучалова бир нече жолу СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланып, Советтер союзу учурунда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри, андан кийин көп жылдар бою маданият министри кызматында эмгектенип келген. Ушул жылдын 18-сентябрында Күлүйпа Кондучаловага «Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы» ыйгарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG