Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды


Бишкек шаарынын 10-орто мектебинин директору Саадат Жаманкулова менен Талас облусундагы 6-лицейдин мастери Николай Самохвалов профессионалдык-техникалык билим берүү тармагына сиңирген эмгектери үчүн “Билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери” ардак наамына ээ болушту. Мындай жарлыкка президент Роза Отунбаева кол койду. Ал эми Ардак грамотага Ош шаарынан Мамасали Арзиев, Чүй облусунан Уулбү Молдокулова татыктуу болушту. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тили” гезитинин редакторунун орун басары Түгөлбай Мамбетжунушов, Бишкек гуманитардык университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын жогорку окутуучусу Мира Сыдыкбаева жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун директору Алмагүл Тилекманова Ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG