Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

К.Байболов: А.Аскаровко чыккан өкүм өтө катаал болуп калышы мүмкүн


Укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү маселеге башкы прокурор Кубатбек Байболов “Азаттыкка” бүгүн берген маегинде токтолду. Анын пикиринде, соттун биринчи инстанциясында өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата берилген жаза өтө катаал болуп калышы мүмкүн:

“Айыпты коюуда бир аз өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок негизинен күнөөсү далилденген. Бир гана (жаза) бир аз катаалыраак болуп калганбы деген маанайдабыз. Бирок бул бир гана соттун чечимине байланыштуу”, - деди К.Байболов.

13-июнь күнү Базар-Коргондо милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн, башаламандык уюштурган деп айыпталган укук коргоочу А. Аскаров баштаган төрт киши үй-мүлкү конфискацияланып, өздөрү өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Дагы экөө жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. “Хьюман райтс уотч” уюму жана башка бир катар укук коргоочулар А. Аскаровго сот өкүмү адилетсиз чыгарылды деп каршы чыгышууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG