Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Кара-Суунун милиция башчысынынын өлүмүнө шектүүлөрдүн соту башталды


Ош шаарындагы аскердик бөлүктөрдүн биринде Кара-Суу райондук милициянын начальниги Адылбек Султанов менен анын айдоочусун мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелген адамдардын үстүнөн сот процесси башталды. Ишти Кара-Суу райондук соттун судьясы Бакыт Усупбеков карап жатат. Сот алдында оор кылмышка айыптуу деп шектелип кармалган он адам суралууда.

Июнь айындагы тополоң окуялар учурунда милициянын полковниги Адылбек Султанов жана анын айдоочусу старшина Уран Шамурзаев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ош шаарынын жанындагы Нариман айылына барышып, ошол айылда мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кийин өрттөлгөн сөөктөрү табылган.

Жабыркаган тараптын өкүлдөрү сот жыйынында чыгып сүйлөгөн сөзүндө тергөө жакшы жүргүзүлбөй туруп, сотко ашып кетти деген нааразылыктарын айтышты. Ошондуктан бул ишти кайра тергөөгө жиберүү ыктымалдыгы да каралууда.

А. Султановдун жана У. Шамурзаевдин жакын туугандары бул кылмышка катышы бар же көргөн-билгени бар деген негизде Кара-Суу райондук акиминин орун басары Шаятовду, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Шадмановду чакырууну талап кылышууда. Анткени кандуу окуя болгон 13-июнда алар А. Султанов менен чогуу жүрүшкөн экен. (КС)

XS
SM
MD
LG