Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Кыргызстанда 8 айда кутурма оорусунан үч киши каза тапкан


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов кабарлады. Анын айтымында, кутурмадан каза тапкан учур Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Сузак райондорунда жана Баткен облусунда катталган. Үч учур тең кутуруп кеткен иттен жуккан. Ошондой эле 8 айдын жыйынтыгында республика боюнча күйдүргү оорусуна чалдыккан 23, келте оору менен 50 киши катталган.

Министрдин маалыматы боюнча, быйыл 2010-жылдын январь айынан август айына чейинки анализдин жыйынтыгы боюнча республикада паратиф, бактериялык дизентерия, гепатит вирусу, келте жана башка оорулар былтыркы жылга салыштырмалуу төмөн болуп, эпидемиялык паротиттин саны 2,8 эсеге көбөйдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG