Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынан билдиришти. Бүгүн 9:30дар чамасында белгисиз адам Аламүдүн районунун Ново-Покровка айылындагы аялдамадан 8-каттамдагы автобусту 10 жүргүнчүсү менен басып алган. Террорчулукка шектелип жаткан адам беткапчан болгон жана Наган системасындагы тапанча менен куралданган. Маалыматтарга караганда, ал айдоочуну Ак үйдү көзөй айдатып баратканда Лебединовка айылынан милиция кызматкерлери кармап, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. (КЕ)