Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Европада жумушчулардын массалык митингдери өтүүдө


Бүгүн Брюсселде профсоюздар уюмдары жумушчуларды Евробиримдиктин институттары жайгашкан жерлерге жүрүш жасоого чакырды. Испанияда болсо карыздарды көзөмөлгө алуу боюнча өкмөттүн чараларына каршы нааразылык өтүүдө.

Брюсселдеги жүрүш эгер шериктештикке мүчө өлкөлөр бөлүнгөн каражатты социалдык программалар үчүн көп сарптап, карыз болуп калган учурда атайын жазалоого тартуу тууралуу Еврокомиссиянын сунушуна каршы уюшурулду. Уюштуруучулардын айтымында, митинге 100 миңден ашуун адамдын катышаары күтүлүүдө. Эмгек уюмдары жумушчулар экономикалык кризстин курмандыктары болуп калат деген кооптонууну көтөрүүдө.

Испаниядагы массалык нааразылык соңку сегиз жылдагы эң чоң митинг болуп, социалисттик өкмөт менен премьер министр Хосе Люис Родригез Запатерону сындан өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG