Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Европада нааразылык демонстрациялары болуп өттү


Он миңдеген адамдар кризиске каршы күрөшүү үчүн катаң үнөм тартибине өткөн еврошаркеттеги өкмөттөрдүн кадамдарына нааразылык билдиришти. Профсоюздар уюштурган массалык жүрүштөрдүн катышуучулары шаркеттин өкмөттөрүнөн социалдык программалардын эсебинен бюджет тартыштыгын кыскартууну талап кылган Еврокомиссиянын чечимин да айыпташты. Брюсселдеги митингге он миңдеген кишилер катышты. Демонстрациялар ошондой эле Италияда, Полшада, Португалияда, Латвияда жана башка өлкөлөрдө болуп өттү. Испанияда жалпы улуттук иш таштоо уюштурулду.

XS
SM
MD
LG