Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Ноокенде “Сампадагы” кандуу окуя боюнча соттук териштирүү уланат


Бүгүн Сузак райондук соту Ноокен районунда, 13-июнда Ош-Бишкек жолунун Топурак-Бел ашуусунан түшө бериштеги Сузак районуна караштуу "Сампа" аттуу пахта тазалоочу заводдун айланасында болгон кандуу окуяны териштирүүнү улантат. Бул туурасында аймактан кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов билдирди.

Буга чейин "Сампадагы" окуя боюнча 14 адамдын кылмыш иши Сузак райондук сотунда каралган. Кийин жабырлануучуларга, күбөлөргө ыңгайлуу болушу үчүн сот ишин Ноокен районунда улантуу чечими кабыл алынган. Буга чейин 14 адамдын соттук иши каралып жатканда, окуяга байланыштуу дагы беш адамдын кылмыш иши соттук териштирүүгө кошулуп, алар менен таанышуу максатында сот ишти кароону 30-сентябрга жылдырган эле.

“Сампа” заводунун жанына 13-июнда беш жүздөн миңге чейин адамдар топтолуп, ары-бери каттагандарга ок чыгарып, колдо жасалган ар кандай куралдар менен кол салышкан. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча, ошол күнү 16 адам каза таап, эки адам дайынсыз жоголгон жана 9 автоунаа өрттөлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG