Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Кара-Сууда июндагы коогалаң боюнча сот уланып жатат


Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Адылбек Султанов менен милиционер Уран Шамурзаевди мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип жаткан 10 кишинин соту бүгүн Кара-Суу райондук сотунда уланууда. Айыпталып жаткандардын адвокаты Зухра Абдырахманова “Азаттыктын” кабарчысына тергөө иштери шашылыш жүргүзүлгөндүгүн айтып, жабырлануучулар менен милициянын тергөөдө берген көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар бар экенин билдирди. Бүгүнкү соттук жараянда бул кандуу окуяга байланыштуу ишти иликтеген тергөөчүлөр көрсөтмө берип жатышат.

Июнь айындагы тополоң окуялар учурунда милициянын полковниги Адылбек Султанов жана анын айдоочусу старшина Уран Шамурзаев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ош шаарынын жанындагы Нариман айылына барышкан. Көп өтпөй А. Султановдун өрттөлгөн сөөгү, ал эми У. Шамурзаевдин башсыз денеси табылган.

Бул кандуу окуяга байланыштуу соттук териштирүү 29-сентябрда башталган. Ишти Кара-Суу райондук соту кароодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG