Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Түндүк Кореяда бийлик мураскеринин алгачкы сүрөтү жарыяланды


Түндүк Кореянын азыркы лидери Ким Чен Ирдин уулу жана анын мураскери болот деп болжолдонуп жаткан Ким Чен Ундун алгачкы сүрөтүн өлкөнүн расмий кабар агенттиги жарыялады. Сүрөттө Ким Чен Ун Кореянын Эмгек партиясынын башка жетекчилери менен түшкөн. Партиянын ушул аптадагы курултайында Түндүк Корея лидеринин 27 жаштагы баласы Борбордук аскерий комиссиянын төрага орун басарлыгына жана Борбордук комитеттин мүчөлүгүнө шайланып, ага армия генералы деген аскерий чин ыйгарылган.

Бул аралыкта бүгүн Түндүк жана Түштүк Кореянын аскерий делегациялары акыркы эки жыл ичинде алгачкы жолугушуу өткөрүп, бирок Сеул Пхеньянды быйыл мартта болгон окуя үчүн кечирим сурата алган жок. Анда Түштүк Кореянын кемеси чөгүп, 46 моряк каза тапкан эле. Түштүк Корея менен АКШ кемеге торпедону Түндүк Корея аткан деп эсептеп келүүдө.

XS
SM
MD
LG