Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Ноокендеги сот 14-октябрда уланат


Сузактагы пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанында адам өлтүрүү иши боюнча бүгүн болгон соттук териштирүүгө 17 соттолуучу алып келинди. Ал эми айыпталуучу – мурдагы милиционер, подполковник Гафуржан Абдрахманов Майлы-Суудагы психикалык ооруканадан апкелинген жок, “башаламандыкты уюштурган” деп айыпталып жаткандардын бири, Сузак районундагы Москва колхозунун мурдагы башкармасы Усманали Аблязов ден соолугуна байланыштуу сотко келген жок. Жабырлануучулар булардын экөөнү тең сотко алып келүүнү соттон талап кылышты. Сот мамлекеттик айыптоочуларга кийинки сот жараянында алардын сотко катышуусун камсыздоосун талап кылды. Бүгүнкү соттук жараянда алты жабырлануучу көрсөтмө берди.

Соттун жүрүшүндө жабырлануучулар жана алардын жакындары соттолуучуларга, алардын адвокаттарына акаарат сөздөрдү айтып жатышты деп билдирет аймактагы кабарчыбыз.

Пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанында болгон адам өлтүрүү окуясы боюнча соттук териштирүүнү Сузак райондук соту кароодо. Сот иши коопсуздукка байланыштуу Ноокен районуна которулган.

13-июнда Бишкек-Ош жолунун боюнда, пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанына 500-1000 чамалуу киши чогулуп, жолдон каттаган автоунааларга ок чыгарып, кол салышкан. Облустук ички иштер башкармалыгы бул күнү 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгонун, 9 автоунаа өрттөлгөнүн маалымдаган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG