Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Пакистан НАТО үчүн Ооганстанга жүк ташылып жаткан жолду жапты


Өлкө бийликтери мындай кадамга пакистандык үч аскер НАТОнун тик учагынын соккусунан мерт болду деген маалыматтардан улам баргандай. Хайбер деген аймак аркылуу өткөн бул жол НАТО жана АКШ үчүн Ооганстандагы аскерлерин камсыздоосундагы маанилүү түйүн эле. Исламабаддагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, ошол жолдогу Торхам деген чек ара бекетине НАТОнун күйүүчү май жана башка жүк тарткан унааларын Ооганстанга өткөрбөөгө көрсөтмө берилди. Мунун алдында пакистандык расмий өкүлдөр алардын үч чек арачы аскери НАТО тик учагынын соккусунан каза тапкандыгын маалымдашкан. Эгер бул ырасталса, согушкерлердин изин кууп жүргөн НАТО тик учактарынын соңку күндөрү эле чек аранын Пакистан тарабына жасаган төртүнчү соккусу болот. Пакистан мындай аракеттерди айыптаган. Пакистандын чек ара аймактары Ооганстанга кирип –чыгуучу согушкерлер башпаанектеп жүргөн жер катары эсептелинет. АКШ акыркы кездери согушкерлердин Пакистандын ичиндеги турумдарына учкучсуз башкаруудагы учактар менен да сокку урууну күчөттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG