Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Индияда сот талашка түшкөн жерди эки тарапка бөлүп берди


Индия сотунун бүгүнкү токтомуна караганда, Айодхья деген шаарда мусулмандар менен индусттар ортосунда талашка түшүп келген жер участогу эми эки тарапка бөлүнүп берилет. Бул тууралуу тараптардын биринин адвокаты билдирди. 1992-жылы индустар өз храмын куруу үчүн ал жерде 15-кылымдан бери турган мечитти бузушканда жаңжаал тутанып, анын арты диний негиздеги кагылышууларга алып барганда, эки миңдей адам каза тапкан эле. Бүгүнкү соттук жараянга байланыштуу индия бийликтери Айодхья шаары жайгашкан Уттар –Прадеш штатынын аймагында коопсуздук чараларын күчөттүп, ага 190 миңден ашуун полицей жана аскер тартылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG