Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Укук коргоочулар кеңеши Орусия жетекчилигин Кыргызстан элинин тандоосун сыйлоого чакырды


Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши Орусия президенти Д. Медведевдин наамына нааразылык кат менен кайрылды. Анда өлкөнүн калкы өзүнүн эркин билдирип, тандап алган парламенттик башкарууга багыт алган мамлекеттик түзүлүшкө каршы Орусиянын саясий жетекчилигинин коркуткан баа берүүлөрүн токтотуу жана Кыргызстандын көп улуттуу калкынын тандоосун сыйлоо өтүнүчү айтылат. Мындай жагдайды укук коргоочулар көз карандысыз өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалашарын белгилешкен.

Мындай кайрылуу бүгүн жолдонгонун "Азаттыкка" аталган кеңештин мүчөсү Динара Ошурахунова билдирди. Орус президенти Д. Медведев буга чейин Кыргызстан парламенттик өлкө кура алаарынан күмөн санаарын айткан билдирүүлөрдү жасаган эле.(SM)

XS
SM
MD
LG