Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

А.Малашенко: Кыргыздарда парламентаризмден башка жол жок


А.Малашенко: "Кыргыз парламентаризми" өзүнүн кемчиликтери менен болот. Бирок орношу зарыл
А.Малашенко: "Кыргыз парламентаризми" өзүнүн кемчиликтери менен болот. Бирок орношу зарыл

Орусиялык саясий аналитик Алексей Малашенко Кыргызстан дагы бир ирет Борбор Азия регионунда демократиялык принциптери калыптанган, тамыр алган мамлекет экенин далилдей алды деп эсептейт.

Кыргызстандагы азыркы шайлоо өнөктүгүнө Орусия кийлигишип жатканы айтылууда. “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловду президент Дмитрий Медведев өзү кабыл алып, ошол эле маалда мамлекеттин көзөмөлүндөгү НТВ телеканалы “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди каралаган берүүлөрдү көрсөттү. Бул “Кремль кыргыз шайлоосунда өзүнүн адамы ким экенин аныктады” дегенди билдиреби? Борбор Азия боюнча белгилүү орусиялык саясий аналитик Алексей Малашенконун пикирин сунуштайбыз.

Алексей Малашенко:
Менимче, Орусия Кыргызстандагы шайлоодо өзүнүн талапкерин эмес, расмий Москванын позициясын, кызыкчылыгын коргой алчу адамды тапты. Бирок Москвада деле мыкты аналитиктер отурушат. Алар да Феликс Кулов өлкөдөгү биринчи адам болбошу мүмкүн экенин аңдашат го дейм. Ошондуктан Орусия азыр өзүнүн бул шайлоо боюнча кадамдарын өтө этият жасашы керек. Орус жетекчилиги эч убакта кыргыз мамлекетинин башына келиши мүмкүн болгон адамдар менен мамилени бузуп албашы шарт.

Төрөкул Дооров: Кыргызстандын өзүндө жүрүп жаткан шайлоо өнөктүгүн кандай баалайсыз?

Алексей Малашенко: Менимче, азыр талапкерлер ичинде бири-бирин сындаган, өзүн мактап көрсөткөн өнөктүк жакшы эле жүрүп жатат. Канчалык таң калыштуу угулбасын, Кыргызстан дагы бир ирет Борбор Азия регионунда демократиялык принциптери калыптанган, тамыр алган мамлекет экенин далилдей алды. Ошол эле маалда, өлкө азырга чейин авторитаризм менен демократиянын ортосунда тургандай сезилет. Андыктан азыр алдыдагы парламенттик шайлоо кандай өтөт, жумурият чыныгы парламентаризмди түптөй алабы же кайра эле бири-бирине асылып, башаламандык жаралабы деген суроо өтө маанилүү. Эгерде саясий туруксуздук улана берсе, дагы бир жолу авторитардык лидер керек болуп калышы ажеп эмес. Мындай абал Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон бери эле уланып келатат.

Төрөкул Дооров: Орус президенти Д.Медведев “Парламентаризм Кыргызстанга жарабайт” деди эле. Ошондуктан “Кыргызстанга күчтүү президенттик бийлик керек” деген талапкерге колдоо көрсөтүп жатат дешет. Чындап эле Кыргызстанда Борбор Азиядагы алгачкы парламенттик башкаруу формасы түптөлүшүнө ишенесизби?

Алексей Малашенко: Албетте, либерал идеялары бар кандай гана адам болбосун парламентаризмди жактайт. Авторитаризм Борбор Азияда кала берет деп ишенем. Бирок ал коомго олуттуу өзгөрүү алып келе албай турганын көрсөттү. Балким, Казакстанда гана бир аз өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Анткени авторитаризмдин өзүнүн мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Кыргызстанда биз баары бир классикалык парламентаризмди көрө албайбыз. Ал өзүнө мүнөздүү бүт терс жактарын камтыган “кыргыз парламентаризми” болот. Азыр маселе ошол “кыргыз парламентаризмин” да түптөп, сактап калууда турат. Анткени коом азыр аны түптөй албаса, баягы эле авторитардык бир лидердин колуна түшөт. Болгондо да, келерки лидер “интеллигент Акаев” же “деректир Бакиев” эмес, түркмөн же өзбек варианттарына окшогон башкаруучу болушу мүмкүн. Анан, мага ишенип коюңуз, коом ал кишини колдоп берет.

Ошондуктан Москвада “Кыргызстан парламентаризмди кура албайт” дешсе, анысы да чын болушу мүмкүн. Бирок азыр өлкөгө көптөн берки олку-солку жашоодон, бүтпөгөн уруш-талаштан кийин ушундай шанс берилип жатат. Ага чейинки жол өтө татаал болот. Өлкөдө социалдык-экономикалык проблемалардан сырткары, кыргыздардын күнүмдүк турмушунда саясаттан тарта баардык тармактарда түндүк-түштүк деген ооруу турат. Андан сырткары, мамлекетте ислам факторун да эске алышы керек деп ойлойм. Бул жакынкы жылдары жаңы чоң маселеге айланышы мүмкүн. Айтмакчы, ал “өзбек фактору” менен да байланыштуу. Эгерде ушундай өзгөчө маанилүү учурда журт башчылары кайра эле оозун ачып отура беришсе, анын арты оор болушу мүмкүн. Мындай абалды постсоветтик аймактагы көп эле өлкөлөрдө, анын ичинде Орусиянын Түндүк Кавказында да көрдүк.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG