Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Кара-Суудагы соттук иш бүгүн да уланат


Бул туурасында соттук ишти карап жаткан Кара-Суу райондук сотунун судьясы Бакыт Усупбеков “Азаттыктын” аймактын кабарчысына билдирди. Анын айтымында эгер жабырлануучу тарап бүгүн да кызуу кандуулукка алдыра турган болсо иш белгисиз убакка чейин токтотулушу ыктымал. Июндагы башаламандыктар учурунда Кара-Суу райондук милициянын начальниги Адылбек Султановду жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевди мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелген 10 адамдын соттук иши кечээ үзгүлтүккө учураган. Соттолуучулардын адвокаты айыпталуучуларга күч колдонулганын айткан кезде жабырлануучулар нааразылык билдирип, чуу чыгарышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG