Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Эквадордо чукул абал жарыяланды


Өкмөт өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш башталганын билдирди. Козголоңчулар борбор шаар Китонун башкы аэропортун басып алып, парламенттин имаратына жапырык салып киришти. Өлкөнүн президенти Рафаэл Корреанын кайда экени белгисиз. Адегенде аны жаш агызма газга уугуп, ооруканага түшкөнү айтылган эле. Кийинки кабарларда ооруканада аны козголоң баштаган полицмендер барымтада кармап турганы маалымдалды. Президент төңкөрүштү оппозициялык айрым фракциялар менен козголоңчул аскерий офицерлер, полицмендер уюштурду деп билдирген эле. Баш аламандык полиция кызматкерлеринин иш таштоосунан улам тутанды, парламент жакында алардын айлык акысын кыскарткан мыйзам кабыл алган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG