Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Кумтөрдүн кенчилери иш ташташты


“Кумтөр Оперейтинг компани” ишканасынын маалымдаганы боюнча иш таштоо айлык акыны көтөрүү талабы менен өтүүдө. Маалыматта айтылгандай 20-сентябрь күнү ишкананын жетекчилиги айлык акынын өлчөмү, квартал сайын берилүүчү сыйлык акы фондун көбөйтүү тууралуу жумушчуларга кабарлаган. Ишкананын басма сөз кызматы иш таштоо мыйзамсыз түрдө, КР Эмгек кодексин бузуу менен өтүп жаткандыгын белгилейт. “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын жетекчилигине нааразы болгон жумушчулардын айрымдары компаниянын башкы кеңсеси жайгашкан Бишкектеги “Учкун” концернинин алдына да чогулуп, жетекчилердин жоктугуна байланыштуу кайра тарап кетишти. Кумтөрдүн мурдагы жумушчусу Жаныбек Тулкуновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча нааразычылык ишкана жетекчилигинин жумушчуларга жасаган адилетсиз мамилесинен улам келип чыгууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG