Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 70 млн.$ берди


Буга байланыштуу келишимге кыргыз тараптан каржы министри кол койду. Берилген 70 млн. доллардын 38 млн. доллары насыя түрүндө, 32 млн. доллары грант түрүндө болмокчу. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча бул каражаттын жарымы мамлекеттик бюджетти колдоого, жарымы энергетика тармагын өнүктүрүүгө бөлүнөт. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан бөлүнгөн насыя 40 жылдык мөөнөт менен берилди. Кыргызстан карызын он жылдан кийин төлөй баштайт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG