Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Бүгүн Эл аралык музыка күнү


Эл аралык музыка күнүнө карата Улуттук консерваториянын окутуучуларынан жана студенттеринен турган симфониялык оркестр чоң концерт уюштурду. Анда Иоганн Штраус, Иоганн Себастьян Бах, Джоаккони Антонио Россини, Жорж Бизе, Петр Чайковский, Калый Молдобасанов, Муратбек Бегалиев жана башка белгилүү классик композиторлордун чыгармалары ойнолду.
30-сентябрды Эл аралык музыка күнүн белгилөө демилгесин белгилүү композитор Дмитрий Шостакович 1975-жылы көтөрүп чыккан. Анын сунушу ЮНЕСКОнун эл аралык музыка кеңеши тарабынан колдоого алынып, 1-октябрь Эл аралык музыка күнү катары белгиленген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG