Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Тайырбек Сарпашевге кол салуу болду


Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Тайырбек Сарпашевдин Бишкектеги үйүнө белгисиз беткапчан бирөөлөр курал менен киришкен. Экс-депутаттын өзүн сабап, байлап коюп, келинчегин эки жаш баласы менен чарба бөлмөсүнө камап коюшкан. Андан кийин каракчылар үйдөн 20-30 миң чамалуу сом, алтын буюмдарын жана Т. Сарпашевге 2006-жылы парламенттен берилген ТТ маркасындагы тапанчасын алып кетишкен. Бул иш боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Т. Сарпашев “Азаттыкка” бул окуя боюнча өзүндө бир канча божомол болуп жаткандыгын, бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу азырынча аларды ачыктай албасын билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG