Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Кара-Суудагы сот 19-октябрга калтырылды


Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Адылбек Султанов менен милиционер Уран Шамурзаевди жырткычтык менен өлтүргөн деп шектелип жаткан 10 кишинин бүгүн улануучу соту 19-октябрга калтырылды. Бул тууралуу соттолуучулардын адвокаты “Азаттыкка” билдирди.

Аталган соттук териштирүү кечээ жабырлануучулардын соттолуучуларга жасаган кысымына байланыштуу үзгүлтүккө учураган эле.
Июнь айындагы тополоң окуялар учурунда милициянын полковниги Адылбек Султанов жана анын айдоочусу старшина Уран Шамурзаев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ош шаарынын жанындагы Нариман айылына барышкан. Көп өтпөй А. Султановдун өрттөлгөн сөөгү, ал эми У. Шамурзаевдин башсыз денеси табылган.

Бул кандуу окуяга байланыштуу соттук териштирүү 29-сентябрда башталган. Ишти Кара-Суу райондук соту кароодо.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG