Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Шайлоого АКШ элчилигинин байкоочулары да көз салат


10-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого көз салуу үчүн Америка элчилигинген бир катар байкоочулар өлкөнүн бардык аймактарына жиберилет. Бул тууралуу элчилик бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда айтылгандай АКШнын Кыргызстандагы элчилиги парламенттик шайлоону тынч жана акыйкат өткөрүүгө чакырып, добуш берүүгө байланыштуу ар кандай маселелер мыйзам чегинде чечилүүсү маанилүүлүгүн белгилейт. Билдирүүдө ошондой эле АКШ өкмөтү Кыргызстанда шайлоого катышып жаткан бир да саясий партияны колдобосу, өлкөдө жүрүп жаткан демократиялык саясий процессти колдоору жазылган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрда болот, ага 29 партия катышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG