Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Мектептер окуу китептери менен 62% камсыздалган


Мунун ичинен 12% китеп санитардык эрежеге туура келбесине карабай окуучуларга таратылып берилет. Бул аргасыздыктан улам болуп жаткандыгын билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, мектептерди окуу китептери менен толук камсыздап туруу үчүн жыл сайын 100 млн. сомдой акча керектелет, бирок мынча каражат бөлүүгө мамлекеттин чамасы чак эмес. Билим берүү министри чет мамлекеттерде окуу китептери жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн гана акысыз берилерин, калгандарынан окуу китебин пайдаланганы үчүн ижара акы алынарын же сатыларын айтып, мындай ыкманы Кыргызстанда да киргизүүгө убакыт жеткендигин билдирди. “Билим берүү толук акысыз болбойт, келечек үчүн каражат сарптоо зарылчылыгы бар,” - деп айтты министр.

Орто мектептерде балдарга окуу китептерин акысыз пайдалануу 2005-жылдан тартып киргизилген. Союз таркагандан көп өтпөй мектептерде окуу китептери үчүн акы төлөнө баштаган эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG