Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:43

Президент улгайган адамдарды куттуктады


Президент Роза Отунбаева Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында карылар күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал сөзүндө кыргыз өкмөтү улгайган адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн бекемдеп, Улуу Ата Мекендик согуш убагында жана башка оор жылдары майтарылбай эмгек кылып, мекен үчүн, келечек үчүн жан үрөп иштегени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз президентинин жарлыгы менен 2010-жылдын 1-октябрынан тартып «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө» мыйзамына ылайык берилүүчү пенсиялардын базалык бөлүгү 25 пайызга көбөйтүлүп, 1000 сомго жеткирилди. Ошол эле учурда коммуналдык-чарбалык төлөмдөргө жана электр кубатына байланышкан мурдагы бардык социалдык артыкчылыктар сакталып калары айтылган.

Улгайган адамдардын күнүнө карата бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, кары-картаңдарга белек-бечкектер берилип, ысык тамак уюштурулду. Мындан тышкары айрым жерлерде ырчылар улгайган адамдарга концерт тартуулашты. Кыргызстанда 500 миңден ашуун пенсионер бар. Ушул тапта 800дөн ашуун карыя карылар үйүндө күн кечирүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG