Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

С. Насиза: Конституциялык сот мыйзамсыз чечим чыгарган


Конституциялык Соттун 2007-жылы 14-сентябрдагы “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” жана “Башмыйзамдын жаңы редакциясы жөнүндө” мыйзамдарды жокко чыгаруу тууралуу чечими мыйзамга каршы келет. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын кызматкери Сумар Насиза билдирди. Ал ошондой эле бул мыйзамдарды жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко жиберилген кагаздар ошол кездеги президенттик администрациянын кызматкерлери тарабынан жазылган, ал эми Мелис Эшимканов менен Кабай Карабеков жөн эле кол коюшкан деп кошумчалап кетти.

Сумар Насизанын белгилегени боюнча 2007-жылы 14-сентябрда чыгарылган чечим менен макул эместигин Конституциялык Соттун судьясы Эсенканов гана кагаз жүзүндө билдирип, Конституциялык Сот өз озуйпасынан тышкары чыгып кеткенин белгилеп кеткен.
Мурда кабарлангандай үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында Башкы прокуратура мурдагы мыйзамсыз чечимдери үчүн Конституциялык Сотко кылмыш ишин козгогон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG