Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Аба ырайы


Кыргыз гидрометеорология борборунун билдиргенине караганда эртең 2-октябрда республиканын бардык аймактарында күн ачык болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4-9, күндүз 19-24 даража жылуу, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11-16, күндүз 22-27 даража жылыйт, Баткенде түнкүсүн 8-13, күндүз 20-25 даража жылуу. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9-14, күндүз 23-28 даража ысыйт. Тоолуу Нарында түнкүсүн 5-10, күндүз 18-23 даража жылуу, Таласта түнкүсүн 2-7, күндүз 22-27 даража жылыйт.

Ал эми Бишкекте күн ачык болуп, чыгыштан 2-7 метрге жеткен жел жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 12-14, күндүз 26-28 даража жылуу болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG