Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Бишкекте жаштар конгресси өткөрүлөт


“Жаштардын үнү-кечээ, бүгүн, эртең” аталышындагы бул конгресс 4-октябрдан 6-октябрга чейин созулуп, ага Кыргызстандын аймактарынан жаштар өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн турган жүздөн ашык делегат келери күтүлүүдө. Бул туурасында Жаштар иштери боюнча министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.
Жаштарга багыт көрсөтүү, коомдук долбоорлорду иштеп чыгуу жана жаштардын демилгелерин колдоого багытталган бул конгресстин алкагында тегерек үстөлдөр уюштурулуп, коомдук жана көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG