Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Эл аралык өнүгүү ассоцияциясы Кыргызстанга 70 млн. доллар бөлөт


Бул туурасында Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Каржы министри Чоробек Имашев жана Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Аннете Кремер тарабынан 1-октябрда кол коюлган келишимге ылайык, 70 миллион доллар өлчөмүндөгү каражаттын 38 миллиону кредиттик негизде, 32 миллиону гранттык негизде Кыргызстанга берилет. Бул каражаттар бюджетти колдоого жана энергетика тармагын жакшыртууга жумшалып, алардын максаттуу чыгымдалышын Каржы министрлиги менен Энергетика министрлиги көзөмөлгө алат. (KKs)

XS
SM
MD
LG