Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Ирак саясатчыларынын өкмөт түзүү аракетин Ак үй жактырды


АКШ Ирактын саясый жетекчилеринин парламенттик шайлоодон жети айдан кийин коалициялык өкмөттү курууга жасаган кадамын колдоду. Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроулинин билдиришинче, Вашингтондо Ирак өкмөтү башында болсун дегендей сүймөнчүк талапкери жок.

"Парламенттик системада, силердегидей бир нече күчтүү блоктун бири да өкмөт түзүүгө жарамсыз болгон шартта алга сүрөөчү саясый чабандес чыгышы керек. Андай чабандес байкалды. Бул жышаанды биз колдойбуз",-деп билдирди Кроули.

Жума күнү Ирак парламентиндеги шиилердин негизги блогу - Улуттук альянс Нури Малики премьер-министр бойдон кала берсин деген ыкыласын билдирген. Альянс бу кадамга анти-америкачыл диниятчы Муктада Садр башындагы кыймыл Маликтин экинчи мөөнөткө премьер-министр болуусуна ынанган соң барды. Бирок Маликинин тарапкерлери парламентте басымдуу көпчүлүктү түзбөйт. Ошон үчүн алар башка партиялар менен коалицияга барышы абзел.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG