Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Пакистан Хайбер ашуусун НАТО үчүн ачат


Пакистандын АКШдагы элчиси Ооганстандагы америкалык аскерлерге жүк өтчү чек ара бекетин ачмакчы. Бейшемби күнү НАТОнун тик учагы чек арага чукул жерде пакистандык үч аскерди атып койгондон кийин Исламабад Хайбер ашуусундагы Торхам бекетин жаап салган. Премьер-министр Юсуф Реза Гилани жума күнү парламентте сүйлөп, чабуулду айыптады жана эгер берегидей окуялар дагы кайталанса, Пакистан башкача чара көрөрүн эскертти:

-Биз эч качан силердин Пакистандын эгемендигине жана бүтүндүгүнө кийлигишүүңөргө жол бербейсиз. Эгер аракетиңерди түшүндүрүп, чабуулдун чыгымын жаппасаңар же кечирим сурабасаңар, биз башка чара көрүшүбүз ыктымал. Бизде өз пикирибиз бар.

НАТОнун маалыматына караганда, тик учак өзүн коргоо үчүн ок жаадырган. Бул чабуулга эл ичинде нааразылык чыккандан улам чек ара убактылуу жабылган эле, азыр абал оңолду, автокербендер жүрө берсе болот, деп билдирди Пакистандын Вашингтондогу элчиси Хусейн Хакани.

Жума күнү Пакистандын түштүгүндө куралчандар тобу Ооганстандагы НАТО аскер базасына жүк ташуучу 25тен көп чоң машинеге кол салган.

XS
SM
MD
LG