Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Кыргызстанда азык-түлүккө баанын кымбаттоосу уланууда


Мындай тыянакка Экономиканы тескөө министрлигинин адистери Бишкек шаарындагы азык-түлүк жана күйүүчү майлардын баасын иликтөөгө алгандан кийин келишкен. Ага ылайык, 1-сентябрдан тартып 1-октябрга чейинки аралыкта буудай бир сомго, ундун баасы эки сомго кымбаттаган. Бишкек базарларында кумшекердин баасы өткөн айга салыштырмалуу бир сомго кымбаттап, азыр 1 кг кумшекердин баасы 46-50 сомду түзөт. Ал эми суу май бештен он сомго чейин кымбаттап, Бишкекте 1 литр суу майдын баасы 80-90 сомдун тегерегин түзөт. Суу майдын кымбатташын адистер сезондук көрүнүш катары баамдашууда. (ES)

XS
SM
MD
LG