Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

Бишкекте жаштар конгресси өтөт


5-6-октябрда Бишкекте “Жаштардын үнү - кечээ, бүгүн, эртең” деген аталыштагы республикалык конгресс өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери боюнча министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Конгресстин ачылышына президент Роза Отунбаева да катышмакчы. Жаштарга багыт көрсөтүү, коомдук долбоорлорду иштеп чыгуу жана жаштардын демилгелерин колдоого багытталган бул конгресске Кыргызстандын бардык аймактарынан жаштар, жогорку окуу жайлардын студенттери жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн турган делегаттар келмекчи. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG