Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Британияда бүбү-бакшылардын дини расмий таанылды


Друид деп аталган жергиликтүү шаман салты эми дин катары сый-аманаттардан салык төлөбөй тургандыгын кайрымдуулукту көзөмөлдөөчү улуттук агенттик 2-октябрда жарыя кылды. Британиянын христиан дооруна чейинки диний ишеними кайрымдуулук мыйзамынын чегинде биринчи жолу дин деп таанылды. Друиддер Стоуняедж деп аталган чоң таштардан тизилген байыркы тарыхый эстеликтин аймагында чогулуп, эски ырым-жырымдарды жасашат. Алар табигатка сыйынышат, тоолор, суулар руханий күчкө ээ деп эсептешет жана бир гана кудай бар деп эсептешпейт. Бүгүн Британияда 10 миңдей друит бар, бирок табигаттын талкаланышына болгон тынчсыздануулардан улам алардын катары өсүп барат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG