Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:09

Москва: кыргыз элчилигинин алдында пикетке уруксат берилген жок


Москвада жергиликтүү бийлик Кыргызстандын элчилигинин алдында алатоолук мигранттардын нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат берген жок. Кыргыз диаспорасынын “Kginfo” сайтынын маалымдашынча, 3-октябрда элчиликтин алдына жүз элүүгө жакын адам чогулган. Алар парламенттик шайлоодо Орусияда жүргөн көпчүлүк мигранттар добуш бере албай каларына нааразы болуп жатышат.

Кыргыз диаспорасынын билдиришинче, элчиликте 65 миңге жакын адам каттоодо турат. Ал эми Орусиянын федералдык миграциялык кызматына ылайык каттоодо тургандардын саны 380 миңге барат. Борбордук шайлоо комиссиясы элчиликте катталган адамдардын санына жараша гана бюллетень жөнөткөн. БШК Орусияданы кыргызстандык мигранттардын нааразылык акциясына байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG