Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

“Альфанын” тарапкерлери президент кабыл алышын талап кылышууда


Кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр Жогорку Кеңеш имаратынын алдында жүздөн ашуун киши жыйналып турат. Алар Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн башчысы Алмаз Жолдошалиев менен мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкерин бошотууну талап кылып, президент Роза Отунбаева кабыл алмайынча тарабай турганын билдиришүүдө. Чогулгандарга президент администрациясынын коргонуу жана тартип бөлүмүнүн башчысынын орун басары Өмүрбек Эгембердиев чыкты. Ал нааразы тараптын талаптары мыйзам чегинде чечилерин айтты.

А. Жолдошалиев менен мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын кармалган кызматкерлери 7-апрелде куралсыз элге ок чыгарган деп айыпталып жатышат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG